Акыйкатчы институту Баткенде ок жеген аскердин окуясын тыкыр иликтөөнү суранды

Акыйкатчы институту Баткен горнизонунун аскер прокуратурасына ок жеген аскердин окуясы тыкыр иликтенишин суранып кат жолдоду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыйкатчы кызматкерлери Баткен районунун Бужум айылындагы Коргоо министрлигине караштуу "Илбирс" атайын аскердик бөлүгүнө барышкан. Ошондой эле жарадар болгон аскер кызматкеринен кабар алышкан.

"5-апрель күнү келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан А.у.Б. менен кенже сержант Э.у.Б. ортосунда өз ара келишпестик чыгып, жакалашып, кармаша кетишкен. Кармаш учурунда, Э.у.Б.нын куралынан ок чыгып, экинчи аскердин акырегине тийген. Аскер кызматкери алган жараатынан улам Баткен облустук ооруканасында 1 күн дарыланган.

Андан кийин, 6-апрель күнү аны Ош шаарындагы аскердик госпиталга которушкан.Дарыгерлер ага операция жасалып, жараты тазаланганын билдирди. Абалы канаттандыраарлык. Ал эми, аскердик госпиталдын командирдин орун басары Нурсейит Карабаевдин айтымында, жаракат алган аскер кызматкери госпиталда 1 ай дарыланат", -деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы институна Баткен горнизонунун аскер прокуратурасы бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын белгилее, тиешелүү соттук медициналык экспертиза дайындалганын маалымдаган.

Эске салсак, апрель айынын башында Баткендеги Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-батыш оперативдүү командачылыгынын аскер бөлүктөрүнүн биринде аскер адамдарынын бири экинчисине ок чыгарганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан