Эмомали Рахмонго каршы Эл аралык кылмыш сотуна арыз жөнөтүлдү

Тажикстанда куугунтукта кабылып келген оппозициялык саясатчылары президент Эмомали Рахмон жана өлкө бийлигине каршы Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна арыз менен кайрылышты.

Муну Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири тастыктады.

"Ал жакын арада тажик элине каршы жасалган бардык кылмыштары үчүн жооп берерине үмүттөнөм", - деп жазган ал X социалдык тармактагы баракчасына.

Арызга чет элдик укук коргоочулар кошулуп, тажик бийлигин адамзатка каршы кылмыштарга барган деп айыптап жатышат. Юрист Николя Линьёль LinkedIn социалдык тармактагы баракчасы аркылуу доо арызды даярдоого үч уюм катышканын билдирди. Анын айтмында, Эл аралык ыктыярчылардын украин фонду, Freedom For Eurasia жана Ислам кайра жаралуу партиясы биргеликте Гаага сотуна арыз жолдошкон. Ал 60тан ашык ишти документтештирилгенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан