Ала-Букадагы селдин кесепеттери айтылды (видео)

Бүгүн, 14-апрелде Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички автоунаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил автоунааны сел агызызганы аныкталды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, жабыр тарткандар жок.
"Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калынбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды. Жерине тактоо жумуштары Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынган", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймакта сел жүрүп жаткандыгы айтылган.
Бекболот Сабырбеков - Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан