Эмгек министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Орусиянын укук коргоо органдарынын рейд учурунда мончо комплексинде жабыркаган кыргызстандыктар менен жолугушуулар болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктарга арыз жазуу сунушталып, бирок алар баш тартышкан. Өкүлчүлүк тарабынан укуктук колдоо көрсөтүлөт.
Азыр 24 кишинин ичинен кармалган 22 кыргызстандык коё берилди. Калган экөөнү бошотуу боюнча иштер жүрүп жатат.
"Эмгек министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Орусиянын Башкы прокуратурасына, укук коргоо органдарына, анын ичинде Орусиянын ИИМине, Москва шаарынын прокуратурасына, адам укуктары боюнча өкүлчүлүккө жана башкаларга тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кат жолдоду", - деп жазылат анда.
Белгилей кетсек, буга чейин Москвада мигранттар мончодо кармалгандыгы жана аларга болгон ырайымсыз мамиле боюнча маалыматтар байма-бай тараган. Маселе Жогорку Кеңештин трибунасында да айтылып, Орусиянын элчилигине нота тапшырылган.