
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаңы келген жол куруу техникаларына GPS–навигатор орнотулууда. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, министр Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасынын негизинде ишке ашып жаткан бул система транспортту туура эмес пайдаланууну болтурбоого, "сол" каттамдарды четтетүүгө жана унаалардын жүрүп өткөн аралыгын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
"Бүгүнкү күндө министрликке караштуу "Кыргызавтожол-Түндүк" ишканасы тарабынан техникаларга 436 даана GPS–навигатор орнотулган.
Ал эми "Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасы тарабынан жалпы 350 техникага GPS–навигатор орнотуу пландалып, учурда 342 техникага орнотулду.
GPS–навигаторлору орнотулгандан кийин күйүүчү майдын чыгымы 15-20 пайызга кыскарды, автопаркты тейлөөгө кеткен чыгымдар азайды, айдоочулардын жол эрежесин бузуулары кыскарды, техникаларды негизсиз пайдалануу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.