УКМК Таластагы чек арада 700 миң долларлык уюлдук телефондорду аныктады (фото)

Iphone 16 жана Samsung S25 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүү токтотулду. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Андагы маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте өлкө аймагына болжолдуу баасы 700 миң долларды түзгөн кымбат баалуу iPhone 16 жана Samsung S25 уюлдук телефондорунун ири партиясын мыйзамсыз алып келүү аракетинин алдын алган.

Учурда бул факты боюнча милдеттүү салыктарды жана башка чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн, ошондой эле бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана материалдарды мыйзамсыз алып өтүү фактылары жөнүндө (0312) 66-04-75 , 62-65-04 телефону аркылуу билдирүүгө чакырат, анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан