Бишкек шаарында онлайн казинонун иштешине нааразы болгон жаран көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылды. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.
Окуя кечээ, 14-апрель күнү түштө болгон. Анда Р.у.У. аттуу жаран онлайн казинолордун иштешине нааразы болуп, көп кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган. Милиция, куткаруучулар менен сүйлөшүүдөн кийин ал аман-эсен жерге түшүрүлгөн.
Айрым маалыматтарга караганда, ал онлайн казиного миллиондогон сомун уттурган.