Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору болуп Айбек Асанов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 16-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Адилет Амантаев аркалап келген.