Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев кызматынан бошотулуп, анын ордуна Абдумуталип Сагынбек дайындалды. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык дайындоо болгон. Ал эми Муратбек Азымбакиев кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кеткендиги маалыматта кошумчаланган.