Шерзат Болаттын өлүмү боюнча башкы айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай койду

Коңшу Казакстанда Шерзат Болаттын өлүмү боюнча өтүп жаткан соттук отурумда башкы айыпталуучу Абзал Шынасыл күнөөсүн моюнуна алган жок. Соттук отурум түз эфирде көрсөтүлдү.

Тактап айтканда, сотто иш боюнча башкы айыпталуучу Абзал Шынасыл Шерзат Болатты өлтүргөн деген айыпты мойнуна албай турганын белгиледи.

"Мен күнөөмдү жарым-жартылай мойнума алам. Шерзат Болатка бычак менен сайган эмесмин. Мен Нурганат Гаипбаевди гана ургам. Муну мойнума алам", - деп баса белгиледи соттолуучу Абзал Шынасыл.

Сотто ошондой эле айыпталуучулар Равиль Сакиев, Нуркыяс Ильясов, Дархан Аскентай, Дидар Калиахмет жана Думан Искак да күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышпай турганын билдиришти.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Шерзат Болаттын өлүмү боюнча башкы айыпталуучу Абзал Шынасыл. Тергөөдө Шерзат Болатка дал ушул Абзал Шынасыл бычак сайганы жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан