Жылнаама. 11-январь: Мындан 1 жыл мурун Ошто милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен

* 2013-жылыОш шаарында ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймактык башчысы Толкунбек Шоноевди белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. 35 жаштагы Т.Шоноевдин 9 жерине ок тийип, окуя болгон жерден каза болгон. Кылмышка шектүүлөр кармалып, райондук жана облустук сот аларга тийиштүү өкүмдөрдү чыгарып соттогон.

* 2012-жылы Алмазбек Атамбаевдин президент катары биринчи расмий сапары Түркиядан башталган. Анда өлкө башчы Түркиянын президенти Абдулла Гүл жана премьер-министр Режеп Тайип Эрдоган баштаган түрк лидерлери менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин келечеги тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн.

 

* 1994-жылы Орусия Федерациясынын жогорку мыйзам чыгаруучу органы эсептелген Федералдык жыйын өз ишин баштаган. Мамлекеттик Дума 450 депутаттан турат. Учурда анда 4 фракция: “Единая Россия”, “Либера́льно-демократи́ческая па́ртия России”, “Справедливая Россия” жана “Коммунистической партии Российской Федерации” иш алып барат. 

*1988-жылы "Заманыбыздын супер рэп ырчысы" наамынын ээси Добр төрөлгөн. Добр кыргыз элине өзгөчө ырдоо стили жана патриоттук ырлары менен таанымал. Анын ырлары көптөгөн кыргыз тасмаларында саундтрек катары колдонулуп келет.

Жылнаама толугу менен бул жерде...

 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан