Рим папасы Франциск 88 жашында каза болду 

Рим папасы Франциск 88 жашында каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ватиканга шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Франциск каза болор алдында Римдеги Casa santa Marta резиденциясында болгон.

Белгилей кетсек, Рим папасы 14-февралда бронхит менен ооруканага жаткырылып, бирок кийинчерээк ага кош пневмония деген диагноз коюлган. Ал ооруканага жаткырылгандан бери биринчи жолу 23-мартта эл алдына майыптар арабасы менен чыгып, чогулгандарга ыраазычылыгын билдирген.

Рим папасы Францисктин чыныгы аты Хорхе Марио Бергольо. Ал Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында италиялык иммигранттардын үй-бүлөсүндө 1936-жылы туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан