Париждеги Эйфель мунарасынын жарыгы Рим папасы Францисктин элесине өчүрүлөт. Бул туурасында шаардын мэри Анн Идальго билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалымдалгандай, жарыкты өчүрүү бүгүн, 21-апрелде кечинде орун алат. Мэр Рим папасынын каза болушуна көңүл айтты.
Белгиленгендей, мунара жарыгы буга чейин Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгон күнү жана Хамас Израилге кол салган күнү өчүрүлгөн.