Бишкекте кош бойлуу аялды өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү 43 жаштагы жаран 10-январда Чүйдөгү Беловодск айылынан кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алдын ала айтылган маалыматка караганда, кылмышка шектүү сатуучу аялдан акча талап кылган. Аял каршы болгон жана ошонун айынан каза тапкан.
Эскерте кетсек, 9-январда саат 14:30 чамасында Бишкектин Араван-Малышев көчөлөрүнүн кесилишинде кош бойлуу аял бычактан каза тапкан. Ал Нарындын Ак-Талаа районунун 33 жаштагы тургуну болгон. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.