Ошто мурда адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон жаран кайра кармалды (видео)

Ош шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал былтыр 24-июлда таанышынын Infiniti үлгүсүндөгү унаасын "акчасын 10 күн ичинде берем" деген убадасы менен алып, бирок кийин бербестен из жашырып кеткен. Мындан улам жабырлануучуга 16 миң доллар материалдык зыян келтирилген.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 2012-жылы "Адам өлтүрүү" беренеси менен соттолуп, 10 жыл жазасын өтөгөн 37 жаштагы жаран кармалган. Ал кылмыштуу топтун мүчөсү катары да каттоодо болгон.

Анын жашаган жерин тинтүүдө 1 даана Калашников (АК-12) үлгүсүндөгү автомат, 1 даана магазин, 7 даана ок, 1 даана кара түстөгү бет кап табылган.

22.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан