"5 миңге жакын жумуш". Бишкекте бош иш орундарынын жарманкеси өттү

Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкеде 60ка жакын компаниялар ар түрдүү тармактар боюнча 5 миңге жакын бош жумуш орундарын сунушташты. Алардын катарында: ЖАК “Coca-Cola”, ААК “Бишкексүт”, ЖЧК “Баркад”, ЖАК “Мегаком”, ЖАК “Скай Мобайл”, ЖЧК “Бай Таш Групп”, Элдик банк, Мбанк, Hyatt Regency Bishkek, МИ “Кыргыз Темир Жолу” жана башкалар бар.
Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров катышып, жумуш издеп чет өлкөгө кетүүнүн кажети жок экенин белгилеп өттү.
“Эми жумуш издеп мекенибизден кетүүнүн кереги жок, өз өлкөбүздө туруктуу иш менен камсыз болууга чыныгы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Бул жетишкендиктер туура экономикалык саясаттын, натыйжалуу башкаруунун жана өлкөнүн жаркын келечегине багытталган стратегиялык демилгелердин жыйынтыгы", - деген Сабиров.
Ошондой эле жарманкеге келгендер мастер-класстарга, кесиптик оюндарга жана викториналарга катышып, жумушка орношууга көмөк көрсөтүү боюнча кызматтар, кыска мөөнөттүү курстар, жаштар үчүн тажрыйба программалары тууралуу кеңештерди алышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан