Өкмөт кыргыз тилин билүү деңгээли боюнча токтом чыгарды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги ишканалардын кызматкерлери үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 21-апрелде кол койгон.

Токтомго ылайык төмөнкү талаптар киргизилет:

- Мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер үчүн:

  • 2025-жылдан тартып В1 (ортонку деңгээлден) төмөн эмес мамлекеттик тил билиши керек;
  • 2027-жылдан тартып бул талап В2 (ортодон жогору деңгээлге) чейин жогорулайт.

- Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги мекеме-уюмдардын кызматкерлери үчүн:

  • 2026-жылдан тартып - В1 деңгээлден төмөн эмес;
  • 2028-жылдан тартып - В2 деңгээлден төмөн эмес.

- Кыргызстандын жараны болгон этностук азчылыктын өкүлдөрү үчүн:

  • 2026-жылдан тартып - А2 деңгээлден (базалык) төмөн эмес;
  • 2028-жылдан тартып - В1 деңгээлден (ортодон төмөн эмес) төмөн эмес.

Мындан тышкары жетекчи кызматтарда иштегендер үчүн иш берүүчү тарабынан тил билишине кошумча, жогору талап коюлушу мүмкүн.

Бул токтомдун негизги максаты – "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" мыйзамды ишке ашыруу. Тактап айтканда, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле мамлекеттик мекемелерде иштеген адамдар өз кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кыргыз тилин жетиштүү деңгээлде билүүсү милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-04-23 17:16:00
Эң сонун жаңылык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан