CNN телеканалы АКШнын лидерине Орусиянын президенти Владимир Путин белек кылган Дональд Трамптын портретин жарыялады.
Анда Кошмо Штаттардын желегинин жана Эркиндик статуясынын фонунда муштумун асманга көтөргөн жана бетине кан чачыраган Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн. Портретте былтыр июль айында Трампка болгон кол салуу сюжети чагылдырылган.
Телеканал портрет орусиялык сүрөтчү Никас Сафроновдун эмгеги экенин белгиледи. Ал телеканалга эки өлкөнүн жакындашуусуна жардам берүү үчүн сүрөттү бекер тартканын айткан.
Путин портретти 10 күн мурун, тагыраагы, 13-мартта АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф менен болгон жолугушууда ага тапшырган.