Зеленскийдин мурдагы кеңешчиси Киевди төрт облус менен коштошууга чакырды

Украина президентинин мурдагы кеңешчиси Алексей Арестович Киевди 2022-жылдагы референдумдан кийин Орусиянын курамына кирген төрт облуска (Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье) аймактык доомат коюудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын пикиринде, украин бийлиги азыр Москванын шарттарына макул болушу керек, болбосо кырдаал дагы курчушу мүмкүн.

"Эмне үчүн биз төрт аймакты беришибиз керек? Жөнөкөй эле себеп менен айтайынчы, азыр муну кылбасак биз жарым же бир жылдан кийин сегиздей аймагыбызды жоготобуз", - деген Арестович.

Ал кошумчалагандай, бир жылдан кийин Украина дагы көптөгөн жоокерлерин жоготот.

Буга чейин Арестович Украинанын келечеги үчүн президент Владимир Зеленскийди кызматтан алууну сунуштаган. Анда ал Зеленскийди “Путинге багынып берүү” үчүн эмес, Украинанын келечеги үчүн жумуштан алуу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан