Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы желимдөө жайында унаа дөӊгөлөгү жарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-апрелде болгон. Факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.
Облустук милиция каза тапкан жаран ошол жерде иштегенин белгиледи.