Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10-январда саат 17:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунда автокырсык болуп, 2 адам каза тапканын билдирди. Кырсыкта Хонда Одиссей жана оор жүк ташуучу МАN унаалары сүзүшкөн. 2 адам ошол жерден эле каза болсо, 5 адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.