Стамбулдагы жер титирөө учуру түз эфирде тартылып калды (видео)

Бүгүн, 23-апрелде Түркиянын Стамбул шаарында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан көп өтпөй эле дагы кайталанды.

Түрк басылмалары жазгандай, жер титирөөнүн күчү 4,4 баллга жетти.

Clash Report Телеграм каналы түз эфир учурунда диктор жер титирөө тууралуу элге маалымат берип, элди сабырдуулукка чакырган видеону жарыялады.

Эске салсак, Түркияда 2023-жылдын февраль айында катуу жер титирөө болгон. Күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө 18 провинцияда сезилген. Анын натыйжасында 50 миңден ашык адам курман болуп, 680 миң турак жай кыйраган.

Видео: Clash Report

23.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан