“Маариф” мекемесинин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда чек арачылар кармап кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы айтылды

“Маариф” (мурдагы “Сапат”) эл аралык билим берүү мекемесинин Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияга кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул туурасында "Азаттык" үналгысы анын жакындарына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалымдалгандай, ал 20-апрелде Анталияга алты окуучуну математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып барган. Аны Стамбулдун аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап, ал ошол боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы маалыматта айтылган.

32 жаштагы Азамат Нурмат уулунун жубайы менен апасы тийиштүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, майнап чыкпай жаткандыгын кошумчалашкан.

Тышкы иштер министрлиги азырынча бул маалымат боюнча расмий билдирүү тарата элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан