Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая Стамбулда жер титирөөдөн кийин кароосуз калган имараттардын бири урап, дагы тогуз үйдүн жашоочулары коопсуздук чаралары үчүн эвакуацияланганын жана жабыркагандар жок экенин билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.
Айта кетсек, Мармара деңизинде саат 12:49да күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, андан кийин жер титирөө кайталанган.
Бийлик өкүлдөрү жер силкинүүдөн 240 адам жабыркаганын айтышып, алар жеңил жаракаттарды алышканы кошумчаланган. Көпчүлүгү бийиктиктен секирип кетишкен.
Министрдин айтымында, жер титирөөдөн кийинки беш сааттын ичинде 127 силкинүү катталып, алардын эң күчтүүсү 5,9 баллга жеткен.
"Адистер кулап калуу коркунучу бар 9 үйдү аныкташты. Алардын жашоочулары эвакуацияланды. Фатих районунда кароосуз калган бир үй урап түштү, жабыркагандар жок", — деди министр брифингде.
Ал эми Шаар куруу министри Мурат Курум адистер ушул аптанын аягына чейин чыгымдардын жалпы суммасы айтыла тургандыгын билдирип, 12 үйдүн жашоочулары коопсуз жайларга көчүрүлгөнүн белгиледи.