"Таарынсаңар Таласка баргыла". Балбак Түлөбаев кечээки сөзүнө өкмөт таарынып калганын айтты

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-апрелдеги жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттөгүлөр ага чалып, таарынычын айтканын айтты.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-апрелде Балбак Түлөбаев Жогорку Кеңештин жыйынында азыркы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жай иштеп жатканын айтып, аны сынга алган.

"Акылбек Үсөнбекович тың болчу, депутаттардын катына бат-баттан жооп берип турчу. Азыркы премьер-министрге жетип, көлдү айланып келгиче канча өттү, дагы эле жооп жок да. Менден салам айтып коёсуңарбы, "пожалуйста", - деген Түлөбаев.

Бүгүнкү жыйында Балбак Түлөбаев анын бул сөзүнө өкмөттөгүлөр чалып, таарынычын айтканын айтты.

"Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеши куштун эки канатындай. Бирөө аксаса, жанындагысы кошо аксайт. Биз мамлекеттеги көйгөйлөрдү экөө бирдей учканда гана чече алабыз. Кечээ күнкү кайрылуума таарынгандар, мага чалгандар болду. Мен кыргыз өкмөтүнө кайрылбаганда, Өзбекстандын өкмөтүнө же Казакстандын өкмөтүнө кайрылайынбы? Кимге кайрылышым керек?

Биз эл көйгөйүн чечүүдө көптөгөн каттарды жазып жатабыз. Ага ким кол коёт? Министрдин орун басарлары кол коёт. Алар "биз муну карап жатабыз", "бюджетке кирсе, Кудай буюрса, аткарылып калышы мүмкүн" деп коюшат, болду. Сенин тиги региондогу көйгөйүң ошол бойдон калды", - деди Балбак Түлөбаев.

Ошондой эле Түлөбаев акыркы төрт жылда өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын дагы кошумчалап, мамлекеттик кызматкердин таарынганы туура эмес экенин билдирди.

"Анан бирдеме айтсак эле таарынасыңар, таарынсаңар Таласка баргыла. Бул сөздүн маанисин жакшы билесиңер, илгери хан ордо Таласта болгон да. Анан бирөө арызданса эле Таласка бар деген. Андай болбойт да, чогуу учушубуз керек. Жакшы жактарга өкмөттөгүлөр өзүңөр барасыңар, депутаттарды чакырбайсыңар", - деди Балбак Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев өкмөттөгулөр ага таарынып калганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан