10-январда саат 21:00 чамасында Канттагы 33665 аскер бөлүгүнөн асынып өлгөн аскердин денеси табылды. Коргоо министрлиги кабарлагандай, ал 1993-жылы туулган Баткен облусунун тургуну К. Уулу Э. Аскердик кызматынын бүтүшүнө 3 ай калганда аскердин өз жанын кыйышына эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Тийиштүү органдар окуянын чоо-жайын иликтөөдө.