Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп 3 чек арачы жарадар болду. Муну Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда чатак чыгып, эки тарап тең куралдан ок чыгарышты. Биринчи тажик чек арачылары ок аткан. Жаракат алган чек арачылар кыргыз тараптын аскерлери. Окуя боюнча териштирүү башталды.