Кыргызстандын аскердик контингенти Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Орусиянын Москва жана Беларустун Минск шаарларына жөнөп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Гвардиянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Орусиянын Коргоо министрлигинин Кант авиациялык базасы аркылуу учуп кетишти.
Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга катышып келген.