Бүгүн,11-январда кыргыз-тажик чек арачыларынын атышып кетүүсүнө байланыштуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчиси Искендер Мамбеталиев Баткенге кетти. Окуяны териштирүү жүрүп жатат. Муну Чек ара кызматынан билдиришти. Окуяга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабылды.
Маалыматка таянсак, эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда оозеки уруш чыгып, тажик аскерлери биринчи болуп ок чыгарышты. Эки тараптан тең жабыркагандар бар.