Баткендин Ак-Сай айыл аймагында болгон атышууда жаракат алган 3 кыргыз чек арачысы облустук ооруканага жеткирилди. Муну Баткен облусунан журналист Адилбек Батыров билдирди. Айтымында, чек арадагы жаңжалдын келип чыгышын териштирүү жүрүп жатат. Жаракат алгандар дагы бар. “Азыркы учурда дарыгерлер бир аскерге операция жасашты. Дагы экөө жатат. Ичине, буттарына ок тийиптир. Жолдо дагы эки аскерди ооруканага алып келе жатканы айтылды”,- дейт булак.