
Бүгүн, 25-апрелде Ош шаарынын мэри
Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте калаадагы А.Мамыров көчөсүн кыдырды.
Калаа мэриясы билдиргендей, мэр тиешелүү кызматтарга мыйзамсыз өтүп кеткен коммерциялык жана башка багыттагы имараттардын мыйзамдуулугун карап чыгууну тапшырды.
Ошондой эле аларды баштапкы калыбына келтирүү, кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштарды бузуп алып салуу жумуштарын алып баруу тапшырмасын койду. Буга удаа көчөнүн жалпы көрүнүшүн жаңылоо, жашыл аймактарды көбөйтүү керектигин белгиледи.
Мындан сырткары калаа башчысы Жапалак айылыны Кайырма, Бөкөнбаев көчөлөрүндө жолго чыгып кеткен тосмолорду алып салууну тапшырды.