Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу 3 мүнөткө созулган. Муну Баткен облусунан журналист Адилбек Батыров биздин порталга билдирди. Айтымында, учурда жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары жаңжалдын чоо-жайын териштирүүдө. “Дарыгерлердин айтымында, жаракат алгандардын биринин абалы оор”,- деди булак.
Эскерте кетсек, чек арачылардын чатагы бүгүн, 11-январда чыгып, кыргыз тараптан 3 жоокердин жаракат алганы белгилүү болду.