КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагындагы абал турукташканын билдирди. Маалыматка таянсак, учурда Баткен Чек ара отрядынын жетекчилиги менен тажик тараптан Исфара Чек ара отрядынын жетекчилиги жолугушуу өткөрүшүүдө. Сүйлөшүүдө окуянын келип чыгуу себептери такталмакчы.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда бүгүн, 11-январда атышуу чыгып кыргыз тараптан 3 жоокер жаракат алды. Алар учурда ооруканада.