Баткендеги өрүк багын көркүнө чыгарган кыздардын видеосу коомчулукту суктандырды.
Учурда өрүкзарлуу Баткен түркүн түскө боёлуп, мөмөлүү дарактардын гүлдөп жаткан убагы. Дал ошол кооздукка дагы да көрк берген улуттук кийимдерди кийиген айымдар жана кыздар болду. Тасмада алардын бийлеп, бак аралап басып жүргөнүн көрүүгө болот.
Улуттук баалуулуктарга басым жасалган бул тасма коомчулукту суктандырып, жылуу пикирлер менен коштолууда.
Кыргызстан Баткенден башталат!