“Чек арадагы аскердик кагылышуунун негизги себеби – такталбаган чек ара тилкелери. Баткен облустук саламаттыкты сактоонун координатору Сайпидин Тороевдин айтымында, жоокерлердин ички органдарына, буттарына ок тийген. Алардын бири өтө оор абалда, экөөсү оор абалда. Жаракат алган жоокерлер ооруканага саат 14:00дө алынып келинген. Андан кийин дагы 2 жоокер жеткирилди”,- дейт булак.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда бүгүн, 11-январда атышуу чыгып кыргыз тараптан 5 жоокер жаракат алды.