Ирандын Бандар-Аббас портундагы жардыруу 14 адамдын өмүрүн алды

Ирандын түштүгүндөгү Перс булуңунун жээгиндеги Бандар-Аббас портунда болгон күчтүү жарылуудан каза болгондордун саны 14кө жетти Бул туурасында жергиликтүу басылмалар жазышууда.

Ирандын Ички иштер министри Искендер Моумени каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, 412 адам дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөн, алар аз жаракат алгандар. Ал эми 300дөн ашуун жабырлануучу ооруканаларда дарыланууну улантууда.

Мумени өрттүн көзөмөлгө алынганын, бирок аны толугу менен өчүрүү аракеттеринин дагы эле уланып жатканын айтты.

Эске салсак, Бандар-Аббас портунда катуу жарылуу болуп, анын себеби азырынча белгисиз. Алгач 50 адам жарадар болгону айтылган. Бирок кийинчерээк каза болгондор бар экендиги айтылып, жаракат алгандардын саны 750 адамга жеткен. Порттун бир бөлүгү катуу жабыркаганын басылмалар белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан