Түндүк Корея өз ара коргонуу келишимине ылайык, Украина менен болгон жаңжалда Орусияга колдоо көрсөтүү үчүн аскер жибергенин алгачкы жолу расмий тастыктады. Бул тууралуу Түндүк Кореянын борбордук маалымат агенттиги бирдирди.
Маалымдалгандай, аскерлер Курск облусуна аскердик операцияларга катышуу үчүн бир нече ай мурун жиберилген.
"Украина бийлигинин Орусиянын аймагына кылдаттык менен басып кирүүсүнүн мизин кайтаруу үчүн Курск облусун бошотуу операциясы ийгиликтүү аяктады", - деп билдирди Түндүк Корея агенттиги.
Ошондой эле Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын буйругуна ылайык, операцияга улуттук куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрү катышкандыгы кошумчаланган. Мамлекет башчысы алардын кылган эрдиктери үчүн ыраазычылыгын айтып, Пхеньянга эстелик тургузарын билдирген.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын аймагында Түндүк Кореянын аскерлери бар экендиги, алар Украина менен болуп жаткан согушта катышып жаткандыгы боюнча байма-бай маалыматтар жазылып келген. Бирок расмий билдирүү берилген эмес.