Баткен облусунда чек ара чатагында ок тийген кыргыз жоокерлеринин саны 6га жетти. Муну Баткендеги көз карандысыз журналист Адилбек Батыров саламаттыкты сактоо кызматкерлерине шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка таянсак, биринчи алынып келинген чек арачыга операция жасалып бүткөнү калды.
Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда бүгүн, 11-январда атышуу чыгып, кыргыз тараптан 5 жоокер жаракат алды.