Жылнаама. 12-январь: Мындан 5 жыл мурун Данияр Үсөнов президенттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган

* 2009-жылы кызматынан кеткен Медет Садыркуловдун ордуна Данияр Үсөнов президенттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган. 

 

* 1968-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева төрөлгөн. Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Талас районунун Калба айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. ТЮЗда (театр юных зрителей) Т.Асанакунов уюштурган эстрадалык топко келип кирген. "Роза гүлү" аттуу ырынан тартып анын эстрада ырчысы катары сапары башталган. "Кызыл гүл" ыры менен бүт кыргыз журтчулугуна маалым болгон. Кийин ал жаңы эстрадалык менчик театр түзүп, ал театр өтө зор ийгиликтерге жетишип, Айчүрөк Иманалиева эл арасына эстрада жылдызы болуп чыга келген. 1995-1996-жылдагы "Азия даусы" эл аралык фестивалынын ардактуу мейманы болуп, 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. 1999-жылы Белоруссияда өткөн "Славян базары" эл аралык конкурсунун дипломанты, Украинадагы "Золотой скиф" эл аралык конкурсунун лауреаты, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин Ардактуу дипломунун ээси. Ал эл аралык башка эстрадалык конкурстардын да катышуучусу.

Айчүрөк Иманалиева 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Заманыбыздын супер ырчысы" деп табылган.

* 2010-жылы качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев өнүгүү, инвестиция, инновациялар боюнча борбордук агенттиктин жетекчиси иретинде биринчи жолу чет өлкөлүк сапарга чыгып, министрлер Кадырбек Сарбаев, Марат Султанов, Ильяс Давыдов кошулган делегация менен Кытайга барган.

Жылнаама толугу менен бул жерде...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KG_URPAGI
2014-01-12 11:46:11
Айчуро эже жакшы чет олколорго коп эле барыптыр, бирок байгелуу орундарды албаган ондонот, Гулнур Сатылганова барганда кандай болмок э?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан