
Улуттук кастыкты козутууга шектелип Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, шектүүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери Лейлек районундагы "Нелегал" операциясынын алкагында аныкталган. Анда Лейлек РИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип Ала-Бука районунун 18 жаштагы И.Н. аттуу тургуну Жалал-Абад облусунан кармалды.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.