Баткенде чек арачылардын атышуусунда тажик аскерлери гранатамёт менен атышып, бирок снаряд жарылбай калган. Муну өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Снаряд Баткен районунун Ак-Сай айылынын аймагына түшкөн. Учурда кыргызстандык сапёрлор тобу аны коопсуздандырууда. Эгер снаряд жарылганда кыргыз тараптан жаракат алгандар азыркыдан алда канча көп болмок.
Эскерте кетсек, бүгүн, 11-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу чыкты. Кыргыз тараптан 6 аскер жаракат алса, 4 тажик аскери жаракат алганы айтылды.