Баткен районунда учурда абал туруктуу. Эки тарап биргеликте окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын Чек ара кызматынан билдиришти. Жаракат алган кыргыз чек арачылары дарыгерлердин көзөмөлүндө. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда Тажикстанга караштуу Чоркух аймагына өтүүчү негизги жол жабык. Бул жол эки тараптын коопсуздугу үчүн жабылганы айтылды.
Эскерте кетсек, бүгүн, 11-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу чыкты. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, чатак Ак-Сай айыл аймагындагы айланып өтмө жолдун айынан келип чыккан. Кыргыз тараптан 6 аскер жаракат алса, 4 тажик аскери жаракат алганы айтылды.