Баткен районунда 11-январдагы чек ара жаңжалынын башталышына тажик тарап күнөөлүү. Муну биздин порталга вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Айтымында, Тажикстандын Чек ара аскерлигинин атайын даярдыктагы аскерлери (спецназ) Ак-Сай айылында жол куруп жаткандарга келип, жолчуларды кекетип, ишти токтотууну талап кылышкан. “Алар курал менен коркутууга өтүшкөн жана биринчи болуп ок чыгарышкан. Андан кийин атышуу болуп кеткен”,- деди Мамытов.