АКШ Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан барып мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялады. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин сайтында маалымдалды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-апрелде АКШ бийлиги Борбордук Азия өлкөлөрүнөн барган 131 мигрантты өлкөдөн чыгарган.
Депортация Өзбекстандын өкмөтү менен макулдашуу боюнча ишке ашырылган. Депортациялангандар алгач Өзбекстанга жеткирилип, андан кийин өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
Министрлик өзбек тарапка ички коопсуздук тармагындагы кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Дональд Трамптын администрациясы быйыл АКШда мыйзамсыз жүргөн бир миллиондой мигрантты өлкөдөн чыгарууну пландаштырууда.