Кечээ, 1-май күнү кечинде Бишкектин борборунда оюн-зоок унаасы менен самокатчан жигит сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициянын маалыматына ылайык, 1-май күнү болжол менен саат 20:30 чамасында Golf-car балдардын оюн-зоок унаасын 1976-жылы туулган О.М. аттуу жаран Раззаков көчөсү менен түндүк тарапты карай башкарып бара жатып, Пушкин көчөсүнүн кесилишинде жеке электросамокат башкарып бара жаткан 2005-жылы туулган Ж.Б. менен сүзүшкөн.
Натыйжада самокат башкарып бара жаткан жигит "Тез жардам" кызматы менен медициналык мекемеге жеткирилген.
Аталган факт каттоого алынып, бардык экспертизалар дайындалды.