Мурдагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди.
Ал социалдык тармактагы баракчасында Ташиев убагында берген убадасын аткарып, Таластагы Аманбаев айылына бала бакча салып бергенин белгилеп, видео жарыялады.
"Бүгүн Аманбаев айылындагы жаңы бала бакчага барып келдим. Баары ойлонуштурулуп, акыл менен жасалган. Генерал айтты да, аны аткарды. Эң мыкты, сонун бакчаны ишке киргизди!" - деп жазды ал.
Видеодо УКМК башчысынын 2023-жылдын 28-ноябрында сүйлөп жатканы жана быйылкы жылдын 3-майында тартылган бала бакчанын ички көрүнүшү камтылган.