Ош шаарында өткөн жылы 3 миңден ашуун көчө ити атылды

2013-жылы Ошто 3430га жакын көчө ити атылган. Бул тууралуу кечээ, 11-январда шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери Кыялбек Абдишов билдирди. Анын айтымында, көчө иттерин атуу атайын графиктин негизинде жүргүзүлөт. Мындан сырткары мекемеге негизинен мектептерден, балдар бакчаларынан жана тургундардан иттерди атып берүү боюнча сунуштар келип турат."Учурда иттерди атуу иштерине эки жумушчу тартылган. Алар өз милдеттерин аткарууга жетишип келет. Бардык чыгымдар мамлекеттик казынадан каржыланат",- деди Абдишов. Маалыматка ылайык, 2013-жылы 4 миңге жакын ит кутурма оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан