4-майда Баткендеги "Бор-Дөбө" көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кыргызстандын Тажикстанга "Жеңиштин эстафетасынын" символун тапшыруу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анда коңшу өлкөгө Брест чебинен алынган ыйык топурак салынган капсула салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Кыргызстандын аймагында бул эл аралык аскердик-патриоттук иш-чара Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарында өтүп, эстафета согушта чогуу күрөшкөн элдердин биримдигин жана эрдигин даңазалоо максатын көздөйт.
"Бул маанилүү учур эки коңшу мамлекеттин тарыхый эстеликтерге болгон урматын, өз ара түшүнүшүүнү жана туруктуу өнөктөштүктү терең чагылдырат. Жеңишке болгон урмат - келечек муундарды бириктирүүчү күч бойдон калууда", - деп жазылат маалыматта.