Бишкекте 11-январда жол кырсыгы болуп, айдоочу окуя болгон жерден каза тапты. Муну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Фучик-Ленская көчөсүндө айдоочу рулду башкара албай калып Субару Легаси унаасы даракты сүзүп токтогон. Каза болгон жаран 1985-жылы туулган А.Хмелёв экени белгилүү болду. Кырсык боюнча иликтөө жүрүп жатат.