Баткендин Ак-Сай айыл аймагында болгон атышууда жаракат алган кыргыз чек арачыларынын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда вице-премьер-министр Токон Мамытов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 3 операция ɵткɵрүлдү. "Бир чек арачынын ичине 3 ок тийген. Түнү менен эсин жоготуп, бүгүн эртең менен эсине келди. Абалы оор, бирок туруктуу. Бишкектен Баткенге дарыгерлер барышты",- деди Мамытов.
Эскерте кетсек, 11-январда Баткенде кыргыз-тажик чек арачылары атышып кеткен. Натыйжада 6 кыргыз чек арачысы жаракат алып ооруканага жеткирилди. Окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат.